Россиянын президенти Астанага келди

Автор

Россиянын лидери Владимир Путин Астанага келди. Ал Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышып, бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Форумдун программасы 4-июлга белгиленген. Шаршембиде Путин алты мамлекет башчысы менен сүйлөшөт. Алардын арасында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Кытайдын жетекчиси Си Цзиньпин бар. Ошондой эле Азербайжан, Казакстан, Монголия, Пакистан лидерлери менен жолугушуулар күтүлүүдө.
Бейшемби күнү Ирандын убактылуу президенти Мохаммад Мохбер менен сүйлөшүү макулдашылды.
Саммиттин программасында эл аралык жана регионалдык күн тартибин талкуулоо, 24 документке кол коюу каралган.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров ШКУнун саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 3-4-июлда Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен барып, анын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. «ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык […]

Сизге жагышы мүмкүн