Россиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Кыргызстанга келет

Автор

Кыргызстанга Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин иш сапар менен келет. Бул тууралуу 20-августта Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиевдин Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасынын орун басары Борис Чернышов менен жолугушуусунда маалым болду.

Анда Россияга барууну пландаган кыргызстандыктар үчүн миграциялык борбор түзүү, этностор аралык байланыштарды чыңдоо жана Россиянын аймагында иштеп жана жашап жаткан кыргызстандыктардын көйгөйлөрүн чечүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Борис Чернышов Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володиндин Кыргызстанга болчу сапары тууралуу айтып берип, бул эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө маанилүү окуя боло турганын белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жаратылышка аяр мамиле жасоого чакырды. Бул тууралуу мамлекет башчысы Фейзбуктагы баракчасына пост жазды. “Урматтуу мекендештер! Жаратылышыбызга аяр мамиле жасап, бири-бирибизди көзөмөлдөп, тарбиялап, бири-бирибизге үлгү бололучу. Башка жактан келип бирөө жарым жаратылышыбызды тазалап бербейт. Бир күн менен жашабайлычы. Эртең балдарың, бүрсүгүнү неберелериң келип эс алат го акыры”, […]

Сизге жагышы мүмкүн