Россиянын күчтөрү Украинанын газ объектилерине сокку урду

Автор

Россиянын Куралдуу күчтөрү ATACMS соккуларына жана «Түрк агымы» аркылуу газ жеткирүүнү үзгүлтүккө учуратуу аракетине жооп катары Украинадагы газ-энергетикалык жайларына сокку урду.
«АКШда чыгарылган ATACMS узак аралыкка учуучу ракеталары жана Британиянын Storm Shadow канаттуу ракеталары менен Россиянын ичине жасалган соккуларга, Краснодар аймагындагы «Түрк агымы» газ куурунун ишин үзгүлтүккө учуратуу максатындагы чабуулга жооп катары 15-январда эртең менен Россиянын Куралдуу күчтөрү Украинадагы газ-энергетикалык инфраструктуранын маанилүү объекттерине так соккуларды жасады»,-деп билдирилди Россиянын Коргоо министрлигинен.

Бөлүшүү:
Next Post

Ала-Тоо аянтындагы "Манас" эстелиги реконструкцияланат

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында жайгашкан “Айкөл Манас” эстелигинин постаментин реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, реконструкциялоо иштеринин алкагында монументтин постаменти толугу менен жаңыланат жана жер төлөө бөлүгүнүн конструкциялары бекемделет. “Оңдоо иштери бекитилген долбоорго жана техникалык талаптарга ылайык жүргүзүлөт. Бардык этаптар архитектуралык нормалардын негизинде ишке ашып, “Айкөл Манас” монументин […]

You May Like