Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрү Одесса портунун аймагындагы аскердик кампага кол салышты. Шаардын үстүнөн коюу түтүн көтөрүлдү. Бул тууралуу орусиячыл Николаев борборунун координатору Сергей Лебедев билдирди.
“Көп нерселер талкаланган. Курман болгондор бар, анын ичинде чет элдиктер да бар», – деп билдирди Лебедев.
Окуя болгон жерге тез жардам унааларына гана барууга уруксат берилген.