Россиянын космосто өзөктүк курал жайгаштыруусуна тынчсызданышууда

Автор

Вашингтон бул теманы талкуулоого Кытай менен Индияны катыштырууда. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Россиянын космосто ядролук куралды колдонуусу кырсыкка алып келерин, ал жакта ар кандай өзөктүк жарылуу америкалык спутниктерди гана эмес, кытай жана индиялык спутниктерди да жок кыларын баса белгилеген.
Блинкендин Мюнхен коопсуздук конференциясында Кытай жана Индиянын тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөнүн жана бул өлкөлөрдүн жетекчилигинен Россияны мындай куралды жайгаштыруудан баш тартууну суранганы айтылды.
Ак сарай 15-февралдан кийин Россиянын космосто өзөктүк куралын жайгаштыруу темасын активдүү талкуулай баштаган. Москва бул маалыматты кезектеги куулук деп атады. Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Конгрессти Киевге акча бөлүү боюнча мыйзам долбооруна добуш берүүгө түртүү аракет катары атады.

Бөлүшүү:
Next Post

Генерал депутатты колдоого алды

Улуттук гвардиянын мурдагы кол башчысы генерал – полковник Абдыгул Чотбаев Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовду колдоп, ФБ баракчасына мынтип жазды. Генерал- полковник “Шайлообек Атазовго жармашканды токтотуш керек. Бүгүнкү күндө Атазов өз депутаттык милдетин зор аткарып, күчүн, билимин элдин жашоосу жакшы болсун деп аракет кылып атат”, – деди. Шайлообек Атазов Свердлов […]

Сизге жагышы мүмкүн