26-июнда Россиянын ички иштер министри Владимир Колокольцев БУУнун мүчө мамлекеттеринин полиция жетекчилеринин саммитине катышуу үчүн Нью-Йоркко келди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ирина Волк билдирди.
«Россиялык министр БУУнун мүчө мамлекеттеринин полиция жетекчилеринин IV саммитине катышат. Ошондой эле БУУнун тынчтыкты орнотуу операциялары боюнча башкы катчысынын орун басары Жан-Пьер Лакруа менен сүйлөшүүлөрдү жана бир нече мамлекеттердин укук коргоо органдарынын делегация башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүнү пландаштырууда»,-деди ал.
Манас Осмон, журналист: “Биздей кедей, билимсиз эл өмүр боюу алдана берет”
Бей Июн 27 , 2024
Кемпир-Абадчылар Кыргызстандын саясий аба ырайын өзгөртө алат деп айтуу өтө кыйын. Алар өлкөнүн оппозициялык блогун түзө алышпайт. Менимче, бийликке каршылык көрсөтүү кыймылы азыр жок. Кемпир-Абадчылардын көпчүлүк мүчөлөрү Батышчыл көз караштагы саясатчылар. Ошон үчүн да, калктын калың катмарынан колдоо болгон жок деп ойлойм. Мамлекеттик мүлктөр кезегинде адилетсиз бөлүштүрүлгөн. Эмнеге, бир ууч […]
![](https://www.apta.kg/wp-content/uploads/2024/06/e107b225-cdb3-4f4f-be4f-3d8d5268c5fe.jpg)