Россиянын аймактарына массалык чабуул болду

Автор

Россиянын абадан коргонуу системасынын нөөмөт күчтөрү Россия Федерациясынын беш аймагында 50дөн ашуун учкучсуз учактарды жок кылышты.
Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Украинанын Куралдуу күчтөрү 5-апрелде таңга маал Ростов, Курск, Саратов жана Белгород облустарынын аймактарына чабуул жасоого аракет кылышкан.
Мекеме жалпысынан 53 учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн белгиледи. Ростов областынын үстүнөн 44, Саратов, Курск жана Белгород облустарынын үстүнөн бирден, Краснодар крайынын аймагынан алты учкучсуз учак кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Чукул билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинен 8-апрелине чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт. Алар: Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарында Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу; Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайкуу унаа жолунун 74-107-чакырымдарында; Ала-Бука–Каныш-Кыя– Кызыл-Адыр унаа жолунун 71-74-чакырымдарында Чапчыма ашуусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн