Россияда өзөктүк машыгуулар башталды

Автор

Россияда стратегиялык эмес өзөктүк куралдарды даярдоо жана колдонуу боюнча аскердик машыгуулар башталды. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги жарыя кылды.
Биринчи этаптын алкагында Түштүк аскер округунун ракеталык түзүмдөрүнүн өздүк курамы «Искандер» оперативдүү-тактикалык ракеталык комплекси үчүн атайын ок-дарыларды алуу, аткычтар менен жабдуу жана даярдалган позициянын аймагына жашыруун илгерилөө боюнча күжүрмөн даярдыктын тапшырмалары аткарылат.
Машыгууга катышкан Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн авиациялык бөлүктөрүнүн өздүк курамы «Кинжал» аэробаллисттик гипер үндүү ракеталары менен жабдууну машыгышат.
Россиянын Коргоо министрлиги өтүп жаткан машыгуу стратегиялык эмес өзөктүк куралды согуштук колдонуу боюнча бөлүмдөрдүн жеке курамын жана техникасын жооп кайтарууга даярдыгын, Россия мамлекетинин аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн камсыз кылуу максатында өтүп жатканын баса белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте Кыргызстан менен Пакистан ТИМ башчылары жолугушту

Бишкек шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен анын Астанадан Исламабадга болгон сапарында кыска мөөнөттүү токтоосунун алкагында жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-пакистан мамилелерин чыңдоонун негизги багыттары жана приоритеттери боюнча пикир […]

Сизге жагышы мүмкүн