Россияда согуштук «Бердыш» аттуу дрон чыгарылды

Автор

Уралдронзавод душманга курал жана гранатомет менен чабуул жасоого, аймактарды миналоого, жүк ташууга жана чалгындоого жөндөмдүү оор согуштук дрон «Бердышты» иштеп чыкты.
Ишкананын башкы директору Владимир Ткачуктун айтымында «Бердыш» модулдук дрон. Коюлган тапшырмаларга жараша, ал танкка жана жөө аскерге каршы миналарды коюуда, душманга күчтүү жардыруучу заттарды таштоодо колдонулушу мүмкүн. Ошондой «Шмель» реактивдүү жалын ыргытуучу куралдар менен аткылоо жүргүзө алат. Дагы бир маанилүү милдети жүк ташуу. Жүк көтөрүмдүүлүгү 20 килограм. Ал эми учуу аралыгы 25 чакырым. Учурда бул аппарат сыноолордон өтүп жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров айдоочулук күбөлүктөр боюнча үн катты

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирди. Маекти толугу менен төмөндө беребиз: – Саламатсызбы, жакында эле “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Рустам Жокоев жана анын он чакты кызматкери коррупцияга шектелип кармалды. Сиз буга чейинки маектериңизде мындан ары айдоочулук күбөлүктү […]

Сизге жагышы мүмкүн