Россияда президенттик шайлоого добуш берүү башталды. Шайлоо участкалары Камчаткада ачылды. Аймактын тургундары 15-марттан 17-мартка чейин саат 8:00дөн 20:00гө чейин добуш бере алышат. Борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке төрт талапкерди каттады: Николай Харитонов (Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясы), Леонид Слуцкий (ЛДПР), Владислав Даванков (Жаңы адамдар) жана Владимир Путин (өзүн-өзү көрсөткөн).
Шайлоого 94 миңден ашык шайлоо участкалары, 113,6 миллион бюллетень даярдалган.
Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын 18-мартта эртең менен жарыялайт. Комиссия 17-мартта саат 21:00дөн баштап алгачкы жыйынтыктарды чыгара баштайт. 25-февралдан 14-мартка чейин президенттик шайлоо үчүн мөөнөтүнөн мурда добуш берүү алыскы жана барууга кыйын жерлерде, анын ичинде полярдык станцияларда жана деңиздеги кемелерде өттү. 1-марттан тарта Россиянын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар. Ал дүйнөнүн 144 өлкөсүндөгү 288 шайлоо участогунда өтөт.