Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт

Автор

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата 18-22-октябрь күндөрү Россияда Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча жыйын өткөрүштү.
Жыйындын жүрүшүндө бир нече суроолор көтөрүлүп, аларды талкуулоонун жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.
Эдил Байсалов Казань (Татарстан), Москва, Санкт-Петербург жана Минск шаарларында (Беларусь) Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча сапаттуу жана өз убагында даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, уюштуруу маселелерин чечүүдө министрлик ар тараптуу көмөк көрсөтүүсүн тапшырды.

Бөлүшүү:
Next Post

Мамлекеттик салык кызматынын инспектору пара менен кармалды

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын улук инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. УКМК тарабынан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын системасындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө 29-сентябрда Салык кызматынын улук инспектору К.С.А. пара менен кармалды. Тактап айтканда, К.С.А. […]

Сизге жагышы мүмкүн