Якутияда быйылкы суук мезгил башталгандан бери биринчи жолу температура 30 градуска чейин төмөндөдү.
Мындай көрсөткүч Якутиянын Усть-Янск улусундагы Депутатский шаар тибиндеги айылда катталган.
Мурда синоптиктер Якутиянын түндүк-чыгышында 16, 17 жана 18-октябрь түндөрү 30 градуска жеткен сууктар болорун билдиришкен. Региондун түндүгүндө суук 18 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул күндөрү аймактын бардык бөлүгүндө кар жаайт.