Россияда жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан поезд жолдон чыкты

Автор

Коми Республикасында «Воркута – Новороссийск» багыты боюнча бара жаткан жүргүнчүлөрдү ташыган поезддин тогуз вагону Инта шаарынын аймагында рельстен чыгып кетти. 25-июнда Коми Республикасында рельстен чыккан вагондорго жардам көрсөтүү үчүн кошумча состав жөнөтүлдү. Бирок тайга жана саздак жерлер эвакуация иштерин кыйындатты. Жабыркагандарга медициналык бригадалары бар тик учактар жөнөтүлдү. Бардык жүргүнчүлөр эвакуацияланды. Жабыркагандар үчүн эки убактылуу жайгаштыруу пункту Инта шаарында уюштурулду. 46 адам медициналык жардамга кайрылышты. Тез жардам бригадалары 14 жабырлануучуну, анын ичинде бир баланы Интанын медициналык мекемелерине жеткиришти. 10го жакын адам оор абалда. Жалпысынан Комиде 70ке жакын адам жабыркады.
«Воркута-Новороссийск» поездинде 232 жүргүнчү бар болчу. Оодарылган вагондордо 150гө жакын адам бар болчу. Кырсыктын себеби жолдун жуулуп кетиши болгонун, ал селдин натыйжасында болгонун Коминин укук коргоо органдары билдиришти.
Кийинчерээк темир жол кызматкерлери поезд рельстен чыккан жерден 2,5 км алыстыкта дагы бир жуулуп кеткен участокту табышты. Буга байланыштуу поездин аман калган беш вагонунун кыймылы токтотулуп, жүргүнчүлөр кошумча составга өткөрүлдү.
Тергөө комитети транспорт кыймылынын коопсуздук эрежелерин бузуу боюнча кылмыш ишин козгоду.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: плей-офф оюндарынын бардык катышуучулары аныкталды

Германияда өтүп жаткан Евро-2024 мелдешинде 1/8 финалдын бардык катышуучулары белгилүү болду. Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен плей-оффко 16 команда чыкты. Булар өз топторунун жеңүүчүлөрү: Германия, Испания, Англия, Австрия, Румыния жана Португалия. Экинчи орундар: Швейцария, Италия, Дания, Франция, Бельгия жана Түркия. Үчүнчү орунду алган алдыңкы командалар: Нидерланды, Грузия, Словакия жана Словения. 1/8 […]

Сизге жагышы мүмкүн