Россияда Евробиримдиктин 81 медиасы жабылды

Автор

Россия «РИА Новости», «Известия» жана «Российская газета» басылмаларына тыюу салганына жооп кылып Евробиримдиктин ондогон маалымат каражаттарына чектөө койду. Тизмеде 25 өлкөдөн 81 басылма жана агенттик бар. Алардын катарына Agence France-Presse, Politico, La Stampa жана La Repubblica агенттиктери, El Pais жана El Mundo, Der Spiegel жана башка телерадио компаниялар кирди.
Россиянын Тышкы иштер министрлиги эгерде орус ММКларына карата чектөөлөр алынса, орус тарап да аталган медиа операторлорго карата чечимин кайра карап чыгарын кошумчалады.

Бөлүшүү:
Next Post

U-17: Нурсадык Нурдинов эркин күрөш боюнча Азия чемпиону болду

Амманда (Иордания) өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Нурсадык Нурдинов чемпион болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылды. Маалыматка ылайык, 22-30-июнь аралыгында өтүп жаткан мелдешке 17 жашка чейинки балбандар катышууда. Нурсадык Нурдинов эркин күрөш боюнча мелдешке 65 килограммга чейинки салмак ченинде катышты. Ирактын, Монголиянын жана […]

Сизге жагышы мүмкүн