Россияда алтындын кору рекорддук деңгээлге жетти

Автор

Россиянын алтын кору өлкөнүн тарыхындагы рекорддук деңгээлге жетти. Азыр бул көрсөткүч боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат

«Сентябрдын аягында Россия Федерациясынын алтын запасы 2 пайызга (+44 тонна) көбөйүп, 2,36 миң тоннаны түздү. Бул өлкөнүн бүткүл тарыхындагы эң жогорку деңгээл»,-деп айтылат дүйнөлүк борбордук банктардын маалыматтарын талдоосунда.

Россия алтындын запасы боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат. Лидерлер АКШ. Аларда 8,1 миң тонна алтын бар. Андан кийин Германия (3,35 миң тонна) жана Италия (2,45 миң тонна) турат. Кытай Россиядан бир аз артта. Анын алтын кору 2,2 миң тоннаны түзөт.

Бөлүшүү:
Next Post

3-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 3-ноябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй, Талас облусунда түнкүсүн үшүк түшүп, +1…+6, күндүз +13…+18 градус болот, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +10…+15. […]

Сизге жагышы мүмкүн