Россиядагы президенттик шайлоонун күнү болжолдонду

Автор

Россия парламентинин жогорку палатасы (Федерация Кеңеши) президенттик шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындоо боюнча токтомдун долбоорун карайт.
Сенатор Андрей Клишас өзүнүн Telegram каналында Россияда боло турган президенттик шайлоонун алдын ала датасын жарыялады.  «Федерация Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети 6-декабрдагы жыйынында Россия Федерациясынын президентин шайлоону 2024-жылдын 17-мартына дайындоо жөнүндө Федерация Кеңешинин токтомунун долбоорун карайт. Маселе Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилет. Федерация Кеңешинин кезектеги пленардык жыйыны 2023-жылдын 7-декабрында болот»,-деп жазган.  Ал кийинки билдирүүсүндө 7-декабрда боло турган Федерация кеңешинин пленардык жыйынына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова да чакырыла турганын билдирди.
Өлкөнүн азыркы президенти Владимир Путиндин 2024-жылдагы шайлоого катышуусу тууралуу расмий билдирүүлөр жок.

Бөлүшүү:
Next Post

Соодагерлер үчүнчү күчтөргө жем болбосун

Президент “Дордой” базардагы жолугушууда “үчүнчү күчтөр” жөнүндө айтып, алар төңкөрүш кылууну көздөп, нааразычылык акцияны ошолор уюштуруп жатышат деген эле. Кечээ “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди. “Жөнөкөй соодагерлердин ичинде кыпындай да кир жок. Ал байкуштар өз проблемаларын чечип алсак болду деп митингге чыгышты. Аларды туура эле түшүнөбүз. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн