Владимир Зеленскийдин кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк Reuters агенттигине берген маегинде украиналык учкучсуз учактардын Россия Федерациясынын аймагына жасаган чабуулдарынын саны өсө турганын билдирди.
“Чабуулдардын саны өсө берет… Анткени бул согуштун этабы… Согуштук аракеттер акырындык менен Россия Федерациясынын аймагына жылып жаткан кез»,-деди Подоляк.
Украина 30-августка караган түнү Россиянын бир катар аймактарында массалык чабуулдарды жасаганын, атап айтканда, Псков аэропортуна чабуул жасалганын Россиянын Коргоо министрлиги билдирген.