Россияга келген чет өлкөлүктөрдүн манжа издери алына баштады

Автор

1-декабрдан тарта Москвадагы аэропорттордо Россияга келген чет өлкөлүктөрдөн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жарым жылдык эксперимент башталды. ФСБнын чек ара кызматкерлери көзөмөл пункттарында сүрөттөргө тартып, манжа издерин алышы керек.
Жаңы эрежелерге таң калгандар буга чейин миграциялык борбордо манжа издерин тапшырышканын эске салышты.
Россияга келген чет өлкөлүктөрдөн биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча эксперимент РФ өкмөтүнүн 2024-жылдын 7-ноябрындагы №1510 токтому менен жөнгө салынган. Биринчи этап 1-декабрдан 2025-жылдын 30-июнуна чейин созулат. Бул аралыкта Шереметьево, Домодедово, Внуково жана Жуковский аэропорттору аркылуу келген бардык чет өлкөлүктөр биометрикалык маалыматтарын тапшырууга милдеттүү.
Беларуссиянын жарандары, алты жашка чейинки балдар, дипломаттар жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, Россияда аккредитацияланган эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн «кызмат адамдары» бул талаптардан бошотулган.

Бөлүшүү:
Next Post

Ысык-Көлдө кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Каракол шаарындагы белгилүү лыжа базасында Ысык-Көл облусунун кышкы туристтик сезону расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ачылыш аземинде президенттин аймактагы өкүлүнүн биринчи орун басары Данияр Арпачиев Ысык-Көл облусунун кышкы туризм багытында чоң мүмкүнчүлүктөргө ээ экенин белгилеп, быйыл облусту алдын ала эсептөөлөр боюнча 2 миллионго жакын турист келиши […]

Сизге жагышы мүмкүн