Росавиациянын башчысы Дмитрий Ядров билдиргендей, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясынын учагы Грозный аэропортуна конууга аракет кылып жаткан учурда шаарга дрондор чабуул жасаган.
Анын айтымында, ошол күнү жана ошол сааттарда Грозный аэропорту аймагындагы абал «татаал» болгон.
«Украиналык аскердик дрондор ошол учурда Грозный жана Владикавказ шаарларындагы жарандык инфраструктурага террордук чабуулдарды жасаган. Ушуга байланыштуу Грозный аэропорту аймагында бардык учактарды дароо чыгарууну караган “Ковер” режими киргизилген»,-деди Росавиациянын башчысы.
Ядровдун айтымында, учактын командирине Россиянын башка аэропортторуна конуу сунушталган, бирок ал Актау аэропортуна баруу чечимин кабыл алган.
Ядров баса белгилегендей, Россия Казакстан менен Азербайжанга AZAL учагынын кырсыгын иликтөөдө ар тараптуу жардам көрсөтөт. «Бул кырсык боюнча биргелешип иликтөөнү талап кылган ар кандай жагдайлар бар»,-деди ал.