Росавиация: Пригожин кыйраган учакта болгон

Автор

Росавиация өзүнүн расмий Telegram каналында Тверь облусунда кыйраган учактын жүргүнчүлөрүнүн тизмесин жарыялады. Алардын арасында Евгений Пригожиндин аты жөнү  бар.
23-августа Тверь облусунда Россияда Вагнер ПМКсынын жетекчиси Евгений Пригожинге таандык Embraer учагы кулап түшкөн.  Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги учактагы 10 адамдын баары (7 жүргүнчү, үч экипаж мүчөсү) набыт болгонун тастыктады.
Түн ичинде федералдык аба транспорту агенттиги учактагы жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү менен толук тизмени жарыялады. Embraer-135 (EBM-135BJ) учагында төмөнкү жүргүнчүлөр болгон: Propustin Sergey, Makaryan Evgeniy, Totmin Aleksandr,  Chekalov Valeriy,  Utkin Dmitriy,  Matuseev Nikolay,  Prigozhin Evgeniy. Экипаж мүчөлөрү: Levshin Aleksei командир; Karimov Rustam, экинчи пилот, борт коштоочу  Raspopova Kristina.
Эмбраер-135 (EBM-135BJ) учагынын учуу белгиленген тартипте берилген аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттын негизинде ишке ашырылган»,-деп билдирди Россия Федерациясынын Аба транспорту боюнча федералдык агенттиги.
Тверь облусунда болгон авиакырсык боюнча Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин (жол кыймылынын жана аба транспортун эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү:
Next Post

Самбо боюнча Дүйнө кубогу: Кыргызстандын капчыгы 6 медалга толукталды

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун экинчи күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Мелдештин экинчи күнүндө күжүрмөн самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ кг салмак даражаларында, ал эми кыздар арасында 59, 65, 72 кг салмактарында беттештер өттү. Улуттук курама команда экинчи […]

Сизге жагышы мүмкүн