Роналду соцтармактарда бир миллиард катталуучуга жеткен дүйнөдөгү биринчи адам болду

Автор

Португалия курама командасынын жана Сауд Аль-Насрдын чабуулчусу Криштиану Роналду дүйнөдө биринчи болуп социалдык тармактарда жалпысынан бир миллиард катталуучуга ээ болду. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы X баракчасында билдирди.
Роналду аны жөн гана сан эмес деп атады. Анын ою боюнча, бул оюнга болгон жалпы умтулуунун, аракеттин жана сүйүүнүн күбөсү. «Мадейранын көчөлөрүнөн тартып дүйнөдөгү эң чоң ареналарга чейин мен ар дайым үй-бүлөм үчүн жана силер үчүн ойноп келгем, эми бизде миллиарддар бар. Эң жакшысы алдыда, биз күрөшүүнү, жеңишти жана тарыхты бирге жазууну улантабыз», – деп кошумчалады футболчу.
Белгилей кетсек, 39 жаштагы Роналду “Алтын топтун” беш жолку ээси. Анын Чемпиондор Лигасында беш жолу жеңишке жеткени, ошондой эле Англия, Испания жана Италиядагы чемпиондук наамдары бар. Португалия курама командасы менен бирге футболчу 2016-жылы Европа чемпиону, континенталдык чемпионаттын күмүш жана коло байге ээси, 2019-жылы УЕФА Улуттар лигасынын жеңүүчүсү болгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 17-сентябрь саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 84 сом 25 тыйын болсо, сатуу 84 сом 75 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 84 сом 66 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн