Роналду же Месси: Кимиси мыкты футболчу?

Автор

“Челси” клубунун легендасы Фрэнк Лэмпард дүйнөлүк футбол жылдыздары Криштиану Роналду менен Лионель Мессини салыштырды. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, «Челси» тарыхындагы эң көп гол киргизген оюнчусу (211 гол), Лэмпард португалиялык жана аргентиналык футболчуларды таң калтырган сапаттары тууралуу айтып берди.
«Жалпысынан алганда, бул талаш-тартыштар мага жакпайт. Мен экөөнө тең каршы ойногом, бирок баарынан да Роналду “Манчестер Юнайтеддин” оюнчусу болуп турганда көп кездештик. Мессиге каршы болсо, ал Барселонанын оюнчусу кезинде ойногом. Жеке сапаттарды эске алсак, Месси эң мыкты. Мен ушундай ойлойм. Бирок Криштианонун гол киргизгени, оюнга тийгизген таасири, берилгендиги жана анын азыркыга чейин сакталып келген жөндөмдөрү таң калыштуу.
«Мен эки оюнчуну тең сыйлайм. Бирин – экинчисинен жогору коюу адилетсиздик болот. Аларга – дүйнөлүк деңгээлдеги футболчуларга каршы ойной алганым үчүн сыймыктанам» – деп баа берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Путин айыпталуучуларды аскердик операцияга жөнөткөн мыйзамдарга кол койду

Россиянын президенти Владимир Путин айыпталуучулар менен сот өндүрүшү баскычындагы аскердик келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берген эки мыйзамга кол койду. Тиешелүү документтер расмий укуктук маалымат порталына жарыяланды. Биринчи мыйзам мобилизация учурунда же согуш мезгилинде айыпталуучулар менен аскердик кызмат өтөө тууралуу келишимдерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Экинчи мыйзам мобилизация боюнча аскерге чакырылгандарды же Россиянын […]

Сизге жагышы мүмкүн