Роналду “Аль-Наср” клубу менен келишимин узартабы?

Автор

Криштиану Роналду “Аль-Насрдын” жетекчилигине клуб менен келишимин 2026-жылга чейин узартууну пландап жатат. Бул тууралуу журналист Бен Джейкобс өзүнүн X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.
Футболчунун учурдагы келишими 2025-жылы 40 жашка чыкканда аяктайт.
Тараптар анын клубда көбүрөөк калышына кызыкдар. 2025-жылы телекөрсөтүү укугу жаңыртылгандыктан, Роналдунун кийинки циклге катышуусу маанилүү деп эсептелет.
“Аль-Наср” футбол клубунун капитаны Криштиану Роналду Сауд Арабиянын учурдагы чемпионатындагы эсебин 33 голго жеткирип, ошол эле учурда 10 эффективдүү пас берген.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия олимпиадасында 10 медаль жеңишти

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча Борбор Азия (CABO 2024) олимпиадасында 10 медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, анын ичинен 1 алтын, 3 күмүш жана 6 коло медаль. алтын медаль – Улукбек Русланбеков, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейи. күмүш медаль – Нурсултан Увалиев, К.Карасаев атындагы Каракол […]

Сизге жагышы мүмкүн