Роналдунун голу Улуттар Лигасынын эң мыктысы деп табылды

Автор

УЕФАнын Улуттар лигасынын 5-турунда эң мыкты голдун авторун жарыялады. Сыйлыкты атактуу португалиялык Криштиану Роналду Польша менен болгон беттеште кайчы жыгылыш менен гол киргизип, татыктуу болду.
39 жаштагы Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду Польша менен болгон беттеште дубль киргизип, өзгөчөлөнгөн.
Анын жеңиш голуна айланган экинчи голу (5:1) сейрек сокку менен киргизилди, ал футболдо «кайчы жыгылыш» деп аталып калган.
Бул шедевр гол португалиялыктын карьерасындагы 910-гол болду. Маалым болгондой, бул көрсөткүчү менен ал дүйнөлүк футбол тарыхындагы эң мыкты бомбардир болуп калды.
Форвард бул голдордун 135ин өзүнүн улуттук командасынын футболкасын кийип жүргөндө киргизди, бул дагы дүйнөлүк рекорд деп эсептелет.
Өткөн аптада “Аль Наср” клубунун капитаны Португал футболуна кошкон салымы үчүн сыйлык алды.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент «Жылдын мыкты мугалими жана тарбиячысы» сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордо” президенттик администрациясында “Жылдын мыкты мугалими” жана “ Жылдын мыкты тарбиячысы” сынактарынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысынын сөзүн толугу менен төмөндө беребиз: “Урматтуу мугалимдер, тарбиячылар! Ардактуу агай-эжейлер! Өлкөнүн эртеңки келечегине кам көрүү – өлкө жетекчилигинен тарта ар бир ата-энеге чейин жүктөлгөн ыйык милдет! Ошентсе да […]

Сизге жагышы мүмкүн