Рождестводогу жарманкеде авто унаа элди сүздү: Бир адам көз жумса, 68и жаракат алды

Автор

Германиянын Саксония-Анхальт федералдык аймагынын борбору Магдебург шаарында унаа Рождестводогу жарманкедеги элди сүзүп кетти.
Окуя 20-декабрда, кечинде болду. 240 миң калкы бар бул шаардагы борбордук аянтта жайгашкан жарманкеге жүздөгөн адамдар чогулган.
Унаа жогорку ылдамдыкта элдин арасына сүзүп кирип, 50 метр аралыкты басып өткөн. Адамдар унаанын астында калган, кээ бирөөлөр ордунан туруп кеткен. Көбү жерде жаткан бойдон калган.
Магдебург бийлиги расмий түрдө бир адамдын каза болгонун жана 68 кишинин жаракат алганын билдирген. Алардын ичинен 15 адам оор абалда. Отуз бири орточо жаракат алган. Калганында жеңил жаракаттар бар.
Бийлик бул окуяны атайын жасалган деп эсептейт.
Окуя болор замат унаа айдоочусу кармалды. Die Welt басылмасынын жазганына караганда, ал 1974-жылы төрөлгөн Сауд Аравиясынан келген адам. Ал Саксония-Анхальтта туруктуу жашоо укугу болуп, дарыгер болуп иштеп келген. Билими боюнча психиатр болгон.
Германиянын канцлери Олаф Шольц жапа чеккендер жана алардын үй-бүлөлөрүн ойлоп жатканын айтып, полиция кызматкерлерине жана куткаруучуларга ыраазычылык билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

III Элдик курултайдын экинчи күнү башталды

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен III Элдик курултай өтүүдө. Бүгүн, 21-декабрда анын ишинин экинчи күнү өтүп жатат. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат катышууда. Ошондой эле чет өлкөдө жашаган мигранттардын жана диний конфессиялардын өкүлдөрү келишти. Курултайдын биринчи күнүндө 105 адам чыгып сүйлөп, алар өлкөнү комплекстүү өнүктүрүүгө жана калктын […]

Сизге жагышы мүмкүн