Реформа тиш дарыгерлерден башталды

Автор

Кыргызстанда тиш дарыгерлердин сьезди болуп өттү. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бир айдан бери тиш дарыгерлерди реформалоо боюнча даярдыктар жүрүп жатканын айтып, Ошто 1, Жалал-Абадда 1 жана Бишкек шаарында 2 балдардын тишин дарылаган поликлиника ачылып жатканын билдирди. Ошондой эле Кыргызстанда 2 миңден ашуун жеке тиш дарылоо борборлору бар. Алардын 804 талапка жооп берсе, калгандарынын же, уруксат кагазы жок же, кесипкөйлөр иштебейт. “Ошолорду жаап жатабыз. Негизи эле 30 жылдан бери неврология болсун, педиатрия болсун же, гинекология болсун, бардык эле тармактарда реформа жүргөн эмес. Кудай буйруса, 1 жыл ичинде жакшылап реформа жүргүзсөк жыйынтыгы болот”,- деди министр.

Бөлүшүү:
Next Post

Эми көчөдө соода кылгандар да ККМ колдонушат

Экономика министрлиги көчөдө соода кылгандарды дагы көзөмөл-кассалык аппарат колдонууга милдеттендирилет. Ведомствонун токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документте  көчөлөрдө мөмө-жемиш, улуттук жана муздак суусундуктарды, сүт продукциясын, гезит-журналдарды жана башка товарларды саткандар кийинки жылдын 1-январынан тарта ККМ орнотуп, колдонушу керектиги айтылат Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн