Расмий Ташкент демилгелеген Өзбекстандын Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча референдумду жарандардын 92,21 пайызы колдоп, 9,35 пайызы каршы болду. Мындай маалыматты Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Зайниддин Низомжожаев билдирди. Анын айтымында, референдумда 16.673.189 киши же, жалпы катталган шайлоочулардын 84,54 пайызы добуш берди. Баш мыйзамда өлүм жазасын жок кылуу, кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан жаранга укуктук жардамдарды көрсөтүү сыяктуу беренелерге өзгөртүүлөр кирди.