Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексине гүлчамбар койду

Автор

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен өлкөгө мамлекеттик сапар менен келген Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган “Ата-Бейит” тарыхый-мемориалдык комплексинде болушту.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун коштоосунда 1916-жылдагы каргашалуу окуяларда курман болгондордун эстелигине гүлчамбар койду.

Ошондой эле Түркиянын президенти жазуучу Чыңгыз Айтматовдун күмбөзүнө гүл коюп, эскерди.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШда алгачкы добуш берүү участогу ачылды

АКШдагы президенттик шайлоодо Республикачылардан талапкер Дональд Трамп жана Демократтар партиясынан талапкер Камала Харрис алгач ачылган шайлоо участогунда үчтөн добуш алышты. Добуш берүү Нью-Гэмпшир штатынын Диксвилл-Нотч аймагында өттү. Бул тууралуу CNN телеканалы кабарлады. Шайлоо участогу 5-ноябрь күнү түнкү саат 00:00дө ачылып, алты шайлоочу добуш бергенден кийин бир нече мүнөттө жабылды. АКШда […]

Сизге жагышы мүмкүн