«Реал Мадрид» клубу 36-ирет Испания чемпиону болду

Автор

“Реал Мадрид” футбол клубу мөөнөтүнөн мурда Испаниянын 2023/2024-сезондун чемпиону болду
“Реал” чемпиондукту “Барселона” Ла Лиганын 34-турунда “Жирона” менен конокто утулуп калгандан кийин (2:4) жеңип алды. Мадриддиктер өз кезегинде Кадисти 3:0 эсебинде утуп алды.
Ошентип “Реал” мелдештин бүтөөрүнө төрт тур калганда жеңүүчү аталды. Мадриддик команда чемпиондукту 36-ирет жеңип алды.
Эске салсак, 2022/2023 сезонунда “Барселона” клубу Испаниянын чемпиону болгон. Анда жеңүүчү да 34-турда белгилүү болду. Жалпысынан каталондуктардын 27 титулу бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Ош облусуна барат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, бир күндүк жумушчу сапары менен Ош облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов билдирди. Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы бир катар мектептердин ачылыш аземине катышат, ошондой эле Ош шаарынын мэриясынын жана Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аткарган иштери жана пландары тууралуу маалымат […]

Сизге жагышы мүмкүн