Рафах шаарында байланыш жана Интернет өчтү

Автор

Израил бийлиги Газа тилкесинин түштүгүндө Египет менен чек арага жакын жайгашкан Рафах шаарында байланышты жана интернетти өчүрдү.
Израил армиясынын артиллериялык жана абадан сокку уруусунан улам байланыш жана интернет үзүлгөн.
Al Jazeera телеканалынын маалыматына караганда, Израилдин коргонуу күчтөрү Рафахтын түштүк жана батыш аймактарында текшерүү иштерин жүргүзүп, шаардын борборундагы турак жайларды бомбалап, аткылоодо. Шаардын түштүгүндөгү Ибна жана Шабура качкындар лагеринде израилдик танктар жайгаштырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды банк кызматкеримин деп тааныштырган шылуундардан сак болууга чакырат. Көзөмөл органынын айтымында, Улуттук банктын расмий сайтында көрсөтүлгөн жасалма телефон номерлери аркылуу алдамчылык фактылары көбөйдү. Ошондой эле мессенджерлер аркылуу Улуттук банктын кызматкеринин одоно жасалма документин көрсөтүшүүдө. «Алардын максаты жарандардын акчасына жетүү жана уурдоо. Ушуга байланыштуу Улуттук банк эч качан […]

Сизге жагышы мүмкүн