Рафахтагы имараттардын 70 пайыздан ашыгы талкаланды

Автор

Израилдин аскердик операциялары Газа секторундагы Рафах шаарында курулуштардын 70 пайыздан ашыгын кыйратты. Шаар мэри Ахмед Суфинин айтымында, израилдик аскерлер “Рафахты жана андагы качкындар лагерлерин системалуу түрдө жок кылышууда.
Ал мисал катары толугу менен кыйраган Аль-Сауди районун белгиледи. Суфи ошондой эле, шаардын жана анын инфраструктурасынын 70 пайыздан ашыгы катуу аткылоолордон улам жараксыз абалга келгенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Евро-2024: Германия курамасы плей-оффко чыкты

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында 2-тур оюндары уланып жатат. Германия курама командасы Евро-2024 турниринин А тайпасынын 2-турунда Венгрияны 2:0 эсебинде утуп алды. Жамал Мусиала менен Йылкай Гүндогандын голдору менен немистер ыңгайлуу артыкчылыкка жетишти. Ошентип, Юлиан Нагельсмандын командасы эки беттешүүдө алты упайга ээ болуп, өз тайпасында алдыңкы орунга чыкты. […]

Сизге жагышы мүмкүн