Расул Авазбек уулу, билим берүү министринин орун басары:  “Директорлор конкурс аркылуу тандалат”

Автор

Билим берүү министри Каныбек Иманалиев отставкага кеткенден кийин министрликте интрига күчөп, министр болом дегендердин аты атала баштады. Ушак айың менен алектенгендер айрым деңгээли төмөн ММКларды айдактап, билим берүү министринин орун басарларын шыбап башташканы белгилүү. Бирок, “ит үрө берет -, кербен жүрө берет” дегендей билим берүү тармагы өз ишин аткарууда. Биз билим берүү министринин орун басары Расул Авазбек уулун кепке тарттык:

– Кээ бир ММКлар аталган министрликтин орун басарлары көрүнгөн чоңдун эшигин каккылап, министрликти сурап жүрүшөт деп жазып чыгышты, буга эмне дейсиз?

– Мен эч кимдин эшигин какпай эле Караколдо кесиптик лицейлер боюнча иш – чарада жүрөм. Тармак өтө оор, албетте, өлкө жетекчилери татыктуу министрди дайындашат.  Ага чейин эле кээ бир бузуку, ичи тар адамдар өздөрүнчө божомол жүргүзүп жатышпайбы. Эшик кагып, кызмат сурагандык мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Мындай деңгээли төмөн ушактарды сөз кылбасак да болот. Менимче, “иттер үрө беришет, кербендер жүрө беришет” деп иштей берүү керек.

– Расул Авазбек уулу массалык түрдө кызматтан кетирип жатат дегендерге эмне дейсиз?

– Мен эч кимди кызматтан кетирген жокмун. Июнь айында өкмөттүн токтому чыккан. Ошонун негизинде айрым, кесиптик лицейлердин директорлорунун кызмат ордуна конкурс жарыяланды. Ким кааласа, конкурска катышып, директор болсун, мыйзам ошондой.

– Ким министр болот деп ойлойсуз?

– Аны билбейм. Ким болсо да, ага ийгилик каалайм. Тармак өтө оор. Көрдүңөр, быйылкы окуу жылында китептер жетишпей калды. Ушул сыяктуу маселелер толтура. Баарыбыз жапа тырмак аракет кылып, тармактын маселелерин жоюшубуз керек. Албетте, коомчулуктун жардамы да зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Эрдоган Илон Маскты чакырды

Түркиянын президенти Тайип Эрдоган Нью-Йоркто X (мурдагы Twitter) социалдык тармагынын жетекчиси Илон Маск менен жолугуп, өлкөнүн өнөр жайына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады. “Президент Тайип Эрдоган Тесла жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маскты Нью-Йоркто кабыл алды… Тесла продукциясынын… Түркия рыногуна киришине байланыштуу Эрдоган компанияны Түркияда жетинчи заводун ачууга чакырды”,-деп айтылат президенттик […]

Сизге жагышы мүмкүн