Рамис Жунусалиев Көк бөрү федерациясынын президенти болуп шайланды

Автор

Бүгүн, 17-октябрда  Бишкекте Көк бөрү федерациясынын конференциясы өтүп, катышуучулар жетекчисин алмаштырды. Жаңы жетекчиликке буга чейин вице-президент болуп иштеп жаткан Рамис Жунусалиев шайланды.  Анын талапкерлигин жыйындагы 58 делегат бир добуштан колдоду. Ал жалгыз талапкер болду.

Ал эми  мурдагы президент  Талас Бегалиев 1,5 жыл кызматта турду.

Бөлүшүү:
Next Post

АКШнын президенти Израилге барат

АКШ президенти Жо Байден шаршемби күнү Израилге барат. Бул Израилдин жетекчилиги менен жети саатка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Антони Блинкен билдирди. Блинкендин билдирүүсүнөн кийин дароо АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби Вашингтондо журналисттерге сүйлөдү. Анын айтымында, Жо Байдендин сапары АКШнын Израиль менен тилектештигин көрсөтөт. Кирбинин айтымында, Байден […]

Сизге жагышы мүмкүн