Райымбек Матраимов 26-октябрга чейин камакта калды

Автор

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-октябрга чейин узартылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырган.
Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.
25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду Бакуда кармаган. Аны менен бирге агалары Тилек, Руслан жана Исламбек да кармалган.

Бөлүшүү:
Next Post

Украина Беларусиядан аскерлерин алып кетүүнү талап кылды

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Беларусияга кайрылып, Гомель аймагынан аскерлерин алып кетүүгө чакырды. Украина бийлиги Беларусиянын аскерлери, анын ичинде танк жана башка аскердик техникаларды Украинанын түндүк чек арасына топтоп жатканы жөнүндө маалымат алган. Ошондой эле, ал жерде Вагнердин мурдагы жалданма аскерлери бар экени айтылат. Украина бул аракеттерди улуттук коопсуздукка коркунуч деп […]

Сизге жагышы мүмкүн