Райымбек Матраимов 26-июнга чейин камакта калды

Автор

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды.
Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алынып келген.
Ошондой эле аны менен бирге Райымбек Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Чалгын кызматынын жетекчиси ийгиликсиз иши үчүн кызматынан кетти

Израил армиясынын чалгындоо кызматынын башчысы 7-октябрда ХАМАСтын Израилге жасаган чабуулуна алып келген ийгиликсиздиктер үчүн жоопкерчиликти өзүнө алаарын айтып, кызматынан кетти. Халива ал жетектеген чалгындоо кызматы тапшырылган ишти аткара албаганын мойнуна алды. Ал Израилдин тарыхындагы эң кандуу кол салууга байланыштуу кызматтан кеткен биринчи жогорку даражалуу чиновник болуп калды. 7-октябрда ХАМАСтын согушкерлери […]

Сизге жагышы мүмкүн