Райымбек Матраимов 26-августка чейин камакта калды

Автор

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-августка чейин узарды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 24-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган. Айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтүнкө, башкача айтканда, 26-августуна чейин узартылды.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Р. Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси (“Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу”) жана 222-беренесиндеги (“Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)” белгилери боюнча кармалганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Үч округда мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдалды

2024-жылдын 30-июнуна дайындалган №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого бюллетендерин даярдоо иштери аяктады. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти. Маалыматка ылайык, БШКнын башчысынын орун басары Тынчтык Шайназаров ѳзүнүн сѳзүндѳ бюллетендерди сапаттуу жана ѳз учурунда даярдагандыгы үчүн “Учкун” ААКга ыраазычылык билдирди, […]

Сизге жагышы мүмкүн