Райымбек Матраимов 200 млн доллар төлөп, камактан бошогон

Автор

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовдун эмне үчүн түрмөдөн бошоп, үй камагына чыкканын айтып берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Матраимов өлкө бюджетине 200 млн доллар төлөгөн.
Атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовго «чек арадан мыйзамсыз өтүү», «бейбаштык», «кылмыштуу кирешелерди адалдоо» беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун айтып, “200 млн доллар, бул 2 млн же, 20 млн доллар эмес. Сом менен алганда 17 млрд сомго жетет. Ал 2021-жылы кармалганда да бюджетке 2,5 млрд сом төлөгөн. Жалпылап эсептегенде мамлекетке 19,5 млрд сом төктү”,- деди.
Райымбек Матраимов 17 млрд сомдун бир бөлүгүн мүлк катары да берген. УКМК мүлктөрдү экспертизадан өткөрүп, арзан баалап алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Аткаминерлерге сүрөткө түшүүгө, маек берүүгө тыюу салынды

Чыгыш Афганистандагы Нангархар провинциясынын бийлиги жергиликтүү чиновниктерге сүрөткө түшүүгө жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен видео маек өткөрүүгө расмий түрдө тыюу салды. Бул тууралуу Афганистандын журналистика борбору билдирди. “Бул тыюу өтө тынчсыздандырган көрүнүш. Анткени Нангархар ушундай чектөөлөрдү киргизген бешинчи аймак болуп калды”,-деп айтылат билдирүүдө. Укук коргоочуларынын маалыматы боюнча, ушундай эле чектөөлөр […]

Сизге жагышы мүмкүн