Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка кетпөө тил катынын негизинде абактан бошоттулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук соттун маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин райондук сот айыпталуучу Матраимовго карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тергөөнүн мөөнөтү, башкача айтканда, 26-августка чейин узарткан.
Быйыл 25-мартта УКМК Азербайжандын атайын кызматтары менен биргеликте Бакуда эл аралык издөөдө жүргөн Райымбек Матраимовду кармаган. Аны менен бирге анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек Матраимовдор кармалган.
Анын ичинен Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыгарылган.