Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго өкүм чыкты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунан билдиришти.
Матраимов Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту (бейбаштык) жана 378-беренесинин 1-бөлүгү (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 100 миң сом айыппул салынган.
Соттон белгилешкендей, Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, тиешелүү макулдашуу түзүп, келтирилген материалдык зыянды төлөгөндүктөн, Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесине ылайык ага эркинен ажыратуу жазасы берилген эмес.
Эскерте кетсек, 2021-жылы ал «коррупция» беренеси менен соттолгон. Анда да Матраимов күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке келтирилген зыянды төлөп, эркиндигинен ажыратуу жазасын бошотулган.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Матраимов мамлекетке 200 млн доллар төлөп, камактан бошотулганын билдирген.