Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү 26-декабрга чейин узартылды

Автор

Сот Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узартты. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Матраимов 26-декабрга чейин тергөө абагында болот.
Сот УКМКнын Мамлекеттик тергөө комитетинин тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын узарткан.

Эске салсак, Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Бөлүшүү:
Next Post

Акылбек Жапаров: “Жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке киргизебиз”

“Биз экономиканы масштабдуу индустриялаштырууга өтүп жатабыз – мындан ары биз жыл сайын 100 өнөр жай объектисин ишке киргизебиз”, – деди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада. Министрлер кабинетинин төрагасынын айтымында, ийгиликке жетүү үчүн инновациялык мамиле, технологиялык сабаттуулук жана инженердик ой жүгүртүү керек. […]

Сизге жагышы мүмкүн