Раиси: Иран Палестинанын мыйзамдуу коргонуусун колдойт

Автор

Ирандын президенти Ибрагим Раиси Палестина-Израиль жаңжал аймагындагы кырдаал боюнча билдирүү жасап, жаңжалдашкан тараптардын бирине колдоо көрсөттү.
Раиси дүйнөнү Палестина элине жасалып жаткан зулум жана адилетсиздикке көңүл бурууга чакырды. Ал палестиналыктардын аракеттерин коргонуу деп атады. “Иран Палестина улутунун мыйзамдуу коргонуусун колдойт. Сионисттик режим жана анын колдоочулары аймактагы өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч келтиргени үчүн жооптуу жана алар бул үчүн жооп бериши керек”,-деп айтылат билдирүүдө.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 9-октябрга карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 88.80 сомдон  болсо, сатуу  88.97 сомго  чейин  болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 88.92 сом  деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн