Раззак Бейшекеев 23 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпиону болду

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Раззак Бейшекеев Албаниянын Тирана шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 67 кг чейинки салмакта катышууда. Алгач 1/16 финалдык беттеште албаниянын балбаны Даниель Дажанини 10:1 эсебинде, 1/8 финалдык беттеште азербайжандык Фарид Халиловду 4:1 эсебинде жеңип чейрек финалга чыкты.
1/4 финалдык беттеште жапониянын балбаны Харуто Ябени 9:0 эсебинде, жарым финалдык беттеште польшалык Арсланбек Салимовду утуп финалга чыкты.
Алтын медаль үчүн беттеште грузиялык спортчу Диего Чхиквадзени жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону аталды.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУнун баш катчысы БРИКС саммитине катышуу үчүн келди

БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Казанга БРИКС саммитине катышуу үчүн келди. Тукай атындагы эл аралык аэропорттон Гутерришти аймактык парламенттин төрагасы Фарид Мухаметшин тосуп алды. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн