Өткөн жылы Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчилигинен бошотулган Равшан Сабиров кайра жаңы кызматка барышы мүмкүн.
Айрым маалыматтарда ал фискалдык органдардын бирине орун басарлык кызматка аттанаары айтылууда. Президенттин үзөңгүлөшү делген Равшан Сабиров 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин вице-премьер министр, президенттин кеңешчиси, Жогорку Кеңештин депутаты жана Инвестициялар боюнча Улуттук агенттикти жетектеген.