Равшанбек Сабиров эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Жогорку Кеңеш 5-декабрда Равшанбек Сабировду эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына дайындоо боюнча президенттин сунушун колдогон.
4-декабрда өлкө башчынын Жарлыгы менен Сабиров министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Президенттин дагы бир Жарлыгы менен Жылдыз Полотова башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.
Равшанбек Сабиров 2021-жылдын ноябрь айында өткөн парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» саясий партиясынан VII чакырылышка депутат болгон.
Ага чейин 2021-жылдын февраль айынан 10-октябрына чейин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген.
2020-жылы октябрь айынан 2021-жылдын февраль айына чейин вице-премьер-министр, 2011-жылы декабрь айынан 2012-жылдын сентябрь айына чейин Социалдык өнүгүү министри кызматын аркалаган.