Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык Сабиров Равшанбек Азатович эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Равшанбек Сабировдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.