Мамлекет башчысы 29-октябрда Кремлден видеобайланыш аркылуу стратегиялык өзөктүк күчтөрдүн машыгуусун өткөрдү. “Бүгүн биз стратегиялык күчтөрдүн кезектеги машыгуусун өткөрүп жатабыз”,-деп билдирди ал.
Путиндин айтымында, өзөктүк куралды колдонуу өлкө коопсуздугун камсыз кылуунун акыркы чарасы болуп саналат.
“Биз жаңы курал жарышына катышууга ниетибиз жок экенин баса белгилегим келет. Бирок ядролук күчтөрдү жетиштүү деңгээлде колдойбуз”,-деди Россия лидери.
Анын айтымында, дүйнөдөгү чыңалуунун өсүшү, жаңы тышкы коркунучтардын пайда болушу заманбап жана дайыма согуштук колдонууга даяр стратегиялык күчтөргө ээ болуунун маанилүүлүгүн көрсөтүүдө.