Россиянын Президенти Владимир Путин Ханойдо журналисттер менен жолугушууда Москва Батыш өлкөлөрүндө өзөктүк курал колдонуу босогосунун төмөндөөсүнө байланыштуу өзөктүк доктринасын өзгөртүшү мүмкүн деп билдирди.
“Азыр биз өзөктүк доктринада эмнени өзгөртсөк болот деп ойлонуп жатабыз. Биз, жок дегенде, болжолдуу каршылаштар муну үстүндө иштеп жатышканын билебиз, өзөктүк курал колдонуу босогосунун төмөндөөсүнө байланышкан жаңы элементтер үстүндө иштеп жатышат. Биз Батыштын эксперттик чөйрөлөрүндө мындай каражаттарды колдонуу мүмкүн экендиги жана мында өзгөчө коркунуч жок деген идеянын бар экенин билебиз. Балким, коркунуч жоктур, бирок биз буга көңүл бурушубуз керек, биз көңүл буруп жатабыз”, – деп белгиледи президент.
Путин Батышта “өтө аз кубаттуулуктагы өзөктүк жарылуучу түзүмдөр иштелип чыгууда” деп ишенет.