Путин Өзбекстандын президенти менен генералдын өлүмү боюнча сүйлөштү

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Мамлекет башчылары генерал-лейтенант Игорь Кирилловдун өлтүрүлүшүн талкуулашты.
Сүйлөшүү өзбек тараптын демилгеси менен болгон. Шавкат Мирзиёев россиялык аскер кызматкеринин жана анын жардамчысынын өлүмүнө байланыштуу көңүл айтты. Ал бул «террористтик актыны» катуу айыптап, терроризмге каршы аракеттер боюнча эки өлкөнүн атайын кызматтарынын кызматташтыгын улантууга ниетин билдирди.
Генерал-лейтенант Игорь Кириллов жана анын жардамчысы Илья Поликарпов 17-декабрда эртең менен каза болушкан. Игорь Кирилловдун үйүнүн жанында электросамокатка жардыруучу түзүлүш орнотулуп, ал аралыктан жардырылган.

Бөлүшүү:
Next Post

1-майдан тарта электр энергиясынын баасы көтөрүлөт

Электр энергиясына болгон баалар жыл сайын 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министри Таалайбек Ибраев маалымат жыйыны учурунда билдирди. «Инфляция жыл сайын өсүүдө, биз болсо жабдууларды жана техникаларды алып жатабыз. Тарифтер 1-майдан тарта көтөрүлөт. Бүгүн саатына 700 киловаттка чейин колдонгондор 1,11 сомдон төлөөөдө, жазында буга 20-23 тыйын кошулат. Бул сумма […]

Сизге жагышы мүмкүн