Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев менен болгон сүйлөшүүлөрүнөн кийин Москва өзбек мигранттарына татыктуу эмгек шарты менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон нерселердин баарын жасап жатканын айтты.
“Биз миграция боюнча бардык актуалдуу маселелердин үстүндө өзбек бийлиги менен иштешүүнү улантабыз»,-деди президент маалымат жыйынында.
Россияда Өзбекстандын 1 миллиондон ашык жараны жашап жана иштеп жатканын айткан Владимир Путин алар курулуш, турак жай-коммуналдык чарба жана транспорт-логистика тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошуп жатканын белгиледи.