Путин Өзбекстанга келди. Бул анын экинчи мамлекеттик сапары

Автор

Россиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанга президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен келди. Бул анын инаугурациядан берки үчүнчү эл аралык жана экинчи мамлекеттик сапары.
Өзбекстандын президенти Владимир Путинди аэропорттон тосуп алды. Мамлекет башчыларынын Ташкентте сүйлөшүүсү пландалууда. Анда орус-өзбек мамилелеринин азыркы абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги талкууланып, аймактагы актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда.
Владимир Путин Шавкат Мирзиёев менен бирге Россия жана Өзбекстандын Аймактар ​​кеңешинин биринчи жыйынына катышат. Кремлдин маалыматында визиттин жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Депутат монтаж жасагандарды Кудайга койдум дейт

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов интимдик видеосу боюнча укук коргоо органдарына арыз жазган бирок, жообу келелек. “Негизинен, ар нерсени уюштура беришип, мага 6-чакырылыштан бери иммунитет пайда болгон. Атайын, каралаган топтор бар экен, алар менин сүрөтүмдү кыркып, кесип, монтаж жасашыптыр. Мен арыз жазган менен Кудайга салып койдум”,- деген депутат. Өткөн айларда […]

Сизге жагышы мүмкүн